28
Март
2018
Гүлбүбү Шаршенбек кызы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Шаршенбек кызы Гүлбүбү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү