21
Февраль
2018
Гүлнур Керимкулова КР Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
Керимкулова Гүлнур Айдарбековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Маалымат иретинде:
Керимкулова Гүлнур Айдарбековна 1983-жылдын 20-апрелинде төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин –«политология» адистиги боюнча, 2006-жылы TeachEx/EdNet-USAID жогорку билим берүү Академиясын аяктаган, экономиканын магистри. 2014-жылы Колумбия университетинин (АКШ) мамлекеттик башкаруу боюнча магистри даражасын алган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
2005-2006 жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти;
2006-2015 жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, экономикалык башкармалыгында экономист, алдыңкы экономист, башкы экономист, бөлүмдүн башчысынын м.а.;
06-09. 2014 ж. – Дүйнөлүк банк (Вашингтон, АКШ), Benchmarking Business in Agriculture долбоорунун консультанты;
2015-2016 жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, көзөмөлдөөнүн методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, көзөмөлдөөнүн методологиясы бөлүмү, банктарга тобокелдүү багыттарды көзөмөлдөөнү кийрүүчү топ, башчысы/жетекчиси;
2016-2018 жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, экономикалык башкармалык, акча-кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү