15
Февраль
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 13-февралда кыргыз-герман эксперттик тобунун мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.
Эске салсак, 13-14-февралда, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Антье Леендертсе жетектеген делегация Бишкекте иш сапар менен келишкен.
Өкмөттүк герман делегациясы Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Делегацияны КР Президенти Алмазбек Атамбаев да кабыл алганын кошумчалайбыз
Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга Германиянын жалпы экономиканы, анын ичинде инвестициялык климатты жакшыртуу тажрыйбалары кызыктыраарын, ошондой эле билим берүү жана маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты күчөтүүнү айтып, Германиянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттерин жиберүү мүмкүндүктөрүн айтты.
“Биздин өлкөлөр бири-биринен өтө алыс болгондуктан соода жана башка кызматташууга ыңгайсыздыктарды түзүүдө. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 140 млн. долларды гана түзгөн. Биз ошону менен немец инвесторлорунун биздин экономикага келишине үмүттөнөбүз”, - деп билдирди Биринчи-вице-премьер-министр.
Эске салсак, Германиядан делегациянын Кыргызстанга келиши Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылдын декабрь айында Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Германиянын Федералдык Канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда жетишилген.
Маалымат иретинде: Германия Федеративдүү Республикасы Кыргыз Республикасынын эки тараптуу кызматташуу багыттары боюнча эң ири донорлордун катарына кирет. Тараптар аралык кызматташуу узак мөөнөткө эсептелген. Эки тараптуу кызматташуунун көлөмү Федералдык экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү министрлигинде эле 1992-жылдан баштап 250 млн. еврону түзгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү