22
Апрель
2015
ТИМ жетекчиси ЖМК өкүлдөрү менен “Министр байланышта” акциясынын алкагында жолугушат
Бүгүн, 22-апрелде, “Министр байланышта” акциясынын II баскычынын алкагында Кыргыз Республикасынын ТИМ жетекчиси Э.Абдылдаев «Биринчи радионун» түз обосуна жана 2015-жылдын 1-кварталы үчүн министрликтин ишмердүүлүк жыйынтыгына жана келечек пландарга арналган “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынына катышат.
Аталган акциянын жүрүшүндө министр Э.Абдылдаев көрсөтүлгөн мезгилдеги аткарылган иштер тууралуу кеңири айтып берет жана радио угуучулардын жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп кайтарат.
Маалымдама: “Министр байланышта” акциясынын II баскычы ”Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүүдө. Тышкы иштер министринин катышуусундагы акциянын I баскычы 2014-жылдын 19-июнунда өткөрүлгөн. Акциянын жүрүшүндө ведомство жетекчиси Э.Абдылдаевдин катышуусунда КР ТИМ Дипломатиялык академиясында басма сөз жыйыны өткөрүлгөн. Иш-чаранын негизги темасы катары тышкы саясат ведомствосунун ишмердүүлүгүн жана жакынкы келечекке карата милдеттерин талкуулоо болуп эсептелди. Ошондой эле акциянын I баскычында министр Э.Абдылдаев “Биринчи радионун» түз обосуна катышып, анда министрликтин жаңы веб-сайтынын видео-бетачары тартууланган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү