29
Сентябрь
Бүгүн, 28-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бөлөк КМШ Өлкөлөрүнүнүн өкмөт башчылары менен бирге “Ялтадагы ишкердик жолугугушуу” аттуу үчүнчү Эл аралык инвестициялык бизнес-форумга катышты.
Шериктеш мамлекттердин Премьер-министрлери “Ялтадагы ишкердик жолугушуу” аттуу бизнес-форум алкагында уюштурулган көргөзмөнү карап чыгышты. Анда бир катар инвестициялык долбоорлордун бет ачаары болуп өттү.
КМШ Өкмөт башчылары бизнес-форумдун алкагында Шериктештиктин мейкиндигинде бизнес өкүлдөрүнүн инвестициялык долбоорлорун биргелешип ишке ашыруусун талкуулоо үчүн атайын ааянттарды курууда ойлору бир экенин белгилешти. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү