18

Декабрь

2012

Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР Өкмөтүнүн расмий башчысы болгонунун 100 күндүгүнө арналган пресс-конференция өткөрдү.

 Ж.Сатыбалдиев өз сөзүндө 100 күндүк иш-чаранын планын иштеп чыгуу боюнча Өкмөт алдына милдет койгон эмес деп белгиледи. “Биздин эң негизги максатыбыз болуп экономиканы төмөндөтпөө болчу, биз ага жетиштик. Коомдо саясий жана социалдык туруктуулукту сактай алдык, паспорттук кризисти болтурган жокпуз,түшүм жыйууну ийгиликтүү аяктадык, 2013-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дандын күзгү себүүсүнүн планын аткардык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлдү. Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча иштер активдештирилди”,- деди Премьер-министр.

Мындан тышкары Премьер-министр ушул жылдын бюджетин секвостирлөө боюнча жүргүзүлгөн иштер, мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды эффективдүү чыгашалоо боюнча анализдер, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жөнүндө айтып берди.

Өлкөнүн түндүгүнө газдын берилишинин чектелиши боюнча Ж.Сатыбалдиев сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Премьер-министр газга болгон ички керектөөлөрдү жабуу үчүн альтернативдик варианттар каралып жатканын айтты.

Ошондой эле Ж.Сатыбалдиев Өкмөттүн 2013-жылга болгон пландарына токтолду. “Келерки жылы 62 токтоп турган ишканаларды кайрадан ишке киргизебиз, жумушчу орундарды түзүү боюнча  жана экономиканы жандандыруу боюнча айрым долбоорлорду ишке ашырабыз”,- деди Премьер-министр.

Маалымат иретинде:

2012-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Ички Дүң продукция (ИДП) алдын ала эсептөо боюнча  262,3 млрд. сомду, ИДП көлөмүнүн реалдуу түшүшү 3,4 пайызды түздү.

“Кумтөрдөн” тышкары ИДП реалдуу өсүшү 4,0 пайызды түздү, 2011-жылдын ушул мезгилинде 6,0 пайызды түзгөн.

Эконимакынын  өсүш темпинин азайышы мурдагы жылдардай эле металлургиялык сектордо өнөр жай өндүрүшүнүн кыскарышы менен байланышкан.

Экономиканын тармактар боюнча негизги көрсөткүчтөр:

Өнөр жай: 2012-жылдын январь-ноябрь айларындагы өнөр жай өндүрүшүнүн 107,5 пайызга  өсүшү (“Кумтөр” алтын кенин иштетүү ишканасын эске албаганда) тоо-кен, текстилдик жана тигүүчүлүк өнөр жайы, башка темир эмес минералдык заттарды, электр энергиясын, газды, сууну чыгаруу жана бөлүштүрүүдөн камсыз болгон.

Ошону менен катар быйылкы жылдын январь-ноябрында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү темпи  “Кумтөрдү” эсептебегенде,  былтыркы жылга салыштырмалуу  2.6 эсе азайды. Бул жабдыктар жана машиналарды, резина, пластмасса буюмдарын, муңай заттарын жана башка өнөр жай буюмдарын чыгаруу көлөмүнүн азайышына байланыштуу.

Айыл чарбасы:Айыл чарбасынын,мергенчилик жана токой чарбасынын былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дүң продукциясынын темпинин төмөндөшү өсүмдүк продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 2,3 пайызга кыскаруусуна байланышкан.

Курулуш: 2013-жылдын январь-ноябрь айларында негизги капиталга  инвестициянын өсүшү курулуштун көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалган жана былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 115,0 пайызга өскөн.

Соода: Кызмат көрсөтүү секторунан ИДПга 2,3 проценттик пункт кошумча түштү. Жылдын башынан берки өсүш 5,3%ти түздү. ИДПнын структурасындагы салыштырма салмагы 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,8 проценттик пунктка өстү жана 46,0%ке жетти.

2012-жылдын январь-сентябрында тышкы соода жүгүртүү  4870,3 млн. АКШ долларын түздү жана 2011-жылдын ушул мезгилине карата 11,1 % көбөйдү.

Экспорттун жалпы көлөмү 2011-жылдын ушул мезгилине караганда азайганы алтындын экспорту 2,5 эсе азайганына байланыштуу. Ушундай болсо да алтынды эсепке албаганда экспорт 24,5 % өстү жана 870,1 млн. АКШ долларын түздү.

Импорттун келиши  28,1 % көбөйдү жана 3769,5 млн. АКШ долларын түздү.

Инфляциянын жылдык орточо чоңдугу 101,9% болду. 2012-жылдын жыйынтыгында инфляция 8,4 % болоору күтүлүүдө

Эл аралык резервдин көлөмү ушул жылдын октябрына карата  1947,3 млн. АКШ долларын түздү жана жылдын башынан бери, 112,8 млн. АКШ долларына өстү.

 “Кумтөрдү” кошпогондо өнөр жай өндүрүшү 110,2% өстү жана 68,1 млрд. сомду түздү.

 2012-жылдын 9 айында Кыргызстан тигилген продукцияны $124,6 млн. экспорттоду. Текстиль-тигүү

өнөр жайын өнүктүрүүгө жараша өндүрүш жыл сайын 5% өсөөрү белгиленип жатат.

 «Интергласс» ЖчК айнек завод ишке кирди. Анын продукциясынын көбү экспортко кетет

 Кол кап (мээлей) чыгаруу өндүрүш ишке киришти, региондордо кирпич заводдор, Бишкекте 300 иш орундуу тигүү фабрикасы иштей баштады.

 Мурда токтоп турган  АО «Кыргыз камволь-нооту комбинат», «Жылдыз Анкара» ЖчК, «Мир окон» ЖчК, «Карабалта килем» ЖчК ж.б. кайрадан иштей баштады.

  Кара-Калтада «Чайна петроль Жунда» нефти заводдун курулушу тездетилип жана Таш-Көмүрдө ферросплав завод курулганы жатат.

 Курулуш матералдарды чыгарууда  (113,6%); нефти продуктуларды жыгачтан буюмдарды жасоодо  (107,9%) көрсөткүчтөр жакшыртылды

 Көмүр өнөр жайында былтыркы жылга караганда көмүр көп казылды жана былтыр январь-октябрда 573,6 миң тонна казылса, быйыл бул мезгилде 861,2 миң. тонна казылды

 Бишкекте жана Ошто бирден технополис ачылат. Технополис мамлекеттик жана жеке менчик негизде ачылат, анда ондогон тигүүчү ишканалар иштешет, миңдеген иш орундар ачылат.

Энергетика жана өнөр жай министрлигине иштебей турган 62 ишкананын ишин кайрадан жандандыруу боюнча сунуш берүү тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү