30

Ноябрь

2013

Бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Премьер-министрлери бир катар документтерге кол коюшту.

Алар:

-          ШКУга мүчө мамлекеттеринин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруу боюнча ШКУ Катчылыгынын Отчету жөнүндө;

-          ШКУнун 2012-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУ каржы отчету жөнүндө;

-          2014-жылга ШКУ бюджети жөнүндө;

-          2013-жылга карата ШКУ Катчылыгынын чыгымдарынын сметасын бөлүштүрүү жөнүндө;

-          ШКУ өнүгүү Банкын түзүү, иштетүү жана башкаруунун негизги принциптерин бекитүү жөнүндө;

-          ШКУ өнүгүү Фондун (Атайын эсеп) түзүү жана иштетүүнүн негизги принциптерин бекитүү жөнүндө;

-          ШКУга мүчө мамлекеттеринин  тиешелүү органдарынын байланышуусун камсыздаган корголгон маалымат-коммуникациялык системасын түзүүгө каражат бөлүү жөнүндө;

-          ШКУ каржы эрежелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө;

Ошондой эле, ШКУга мүчө мамлекеттеринин эл аралык унаа жолу жана жугуштуу оорулар тууралуу эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалымдоо Программасы боюнча Өкмөттөр аралык Келишимге кол коюлду.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 2014-жылы Астанада өтөт.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү