13
Ноябрь
«Кыргызкөмүр» мамишканасына көмүр өндүрүү жана ташуу үчүн тоо транспорттук техникасын алууга 50 млн сом бөлүндү
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын көмүр өндүрүүсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынган.
Белгилесек, өздүк техниканын жоктугуна байланыштуу көмүр өндүрүү боюнча өндүрүштүк программаны аткаруу максатында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы ижара шартында экскаваторлорду, самосвалдарды, авто жүктөгүчтөрдү ишке тартууга муктаж. Мында техниканы ижаралоого карата чыгымдар жылына болжол менен 25 млн сомду түзөт.
Элүү млн сом суммасындагы үстөксүз бюджеттик ссуда тоо транспорттук техниканы сатып алууга багытталат. Бул ишканага «Кара-Кече» Борбордук кен өндүрүү тилкесинде көмүр өндүрүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү