09

Октябрь

2012

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен камсыздоо жөнүндө токтомуна кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен “Интел Линкс” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2011-жылдын 19-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун жасоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторунун бланктарын персоналдаштыруу жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карт) персоналдаштыруу жана жасоо жагындагы күчү бүткөнүнө байланыштуу кабыл алынды.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун персоналдаштырууга жана жасоого ыйгарым укук берүү жөнүндө токтом кылды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик персоналаштыруу борборун тез арада ишке киргизүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

«Инфоком» МИнин маалыматына караганда учурда программалык камсыздоо орнотулуп, тестирлөөдөн өттү, үзгүлтүксүз жана резервдик электр менен камсыздоо, коргоо үчүн видеобайкоо жүргүзүү жана автоматтык түрдө өрт өчүрүү тутумун монтаждуу боюнча иштер аяктап жатат. Мамлекеттик персоналдаштыруу борборунда ID-картты (Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт) жасоо жакынкы 7 күндө башталат.

Чет элдик паспортту (жалпы жарандык паспорт) жасоону Мамлекеттик каттоо кызматы менен 2011-жылдын декабрында кол коюлган келишимдин шарттары аяктаганга чейин «Интер Линкс» ЖЧК уланта берет (болжолу менен 2013-жылдын апрель-май айлары). Келишимдин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин чет элдик паспортту даярдоо функциясы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын алдындагы Мамлекеттик персоналдаштыруу борборуна өтөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү