28

Январь

2015

Өкмөт айыл жергесин медициналык жана педагогикалык адистер менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева өз иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Вице-премьер-министр борбордун иштөө шарты жана медициналык жардамга кайрылган жарандарды кабыл алуунун жүрүшү менен таанышты. Баарлашуу учурунда оорукана кызматкерлери вице-премьердин көңүлүн адистердин жетишсиздигине жана медициналык мекеменин жылытуу маселесине буруусун өтүнүштү. Вице-премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылы медициналык жана педагогикалык ЖОЖДордун бүтүрүүчүлөрү бөлүштүрүү боюнча милдеттүү түрдө аймактарга жөнөтүлөт. «Өкмөт айыл жергесин медициналык жана педагогикалык адистер менен камсыздоо үчүн бардык аракетин жумшайт. Биз баскыч-баскычы менен бул көйгөйдү чече баштайбыз», — деп белгиледи Дамира Ниязалиева. Андан соң вице-премьер-министр Тоң районунун Бар-Булак айылындагы бала-бакчага барды. Тарбиячылардын айтымында, бул мекеме бир жылдан бери иштөөдө, бала-бакча 50 орунга эсептелген, ал эми эмеректери демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу алынган. Бала-бакчанын кызматкерлери вице-премьер-министрден кызматкерлердин айлык акыны өз мөөнөтүндө алуусун камсыздоо иретинде бала-бакчаларды республикалык бюджеттен каржылоо мүмкүндүгүн өкмөттүк деңгээлде карап чыгууну өтүндү. Учурда айлык акы ички резервдердин жана ата-энелердин ыктыярдуу төлөмдөрдүн эсебинен төлөнүүдө. Вице-премьер-министр аларга жооп катары бул маселе абдан курч көйгөй экендигин айтып, аны чечүү үстүндө Өкмөт учурда иш алып барып жаткандыгын билдирди. «Акыркы мезгилде мурда мыйзамсыз менчиктештирилип, же сатылып кеткен 94 бала-бакча мамлекетке кайтарылган. Алардын айрымдары иштөөдө, кээ биринде оңдоо иштерин өткөрүү пландаштырылууда. Бала-бакча кызматкерлерин республикалык бюджеттен каржылоо үчүн жылына 284 млн сом керектелет. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, биз бала-бакчаларды кайтаруу боюнча ишти улантабыз. Биздин өлкөдөгү мектеп жашына чейинки ар-бир баланын бала-бакчага жана яслиге баруу мүмкүндүгү болуусу керек. Бул Өкмөттүн башкы милдеттеринин бири», — деп белгиледи Дамира Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү