19
Май
Грециянын Премьер-министри Алексис Ципрас Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Греция Республикасынын Премьер-министри Алексис Ципрас Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:
«Мен Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм жана ийгиликтерди каалайм.
Сиздин жетекчилигиңиз астында эки өлкө ортосунда орун алган достук жана кызматаштык мамилелери мындан ары карай чыңдалып, элибиздин бакубаттуулугу үчүн өнүгөөрүнө ишеним билдирем. Сизге болгон урмат-сыйымды билдирип кетем», - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү