12

Май

2018

Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жогорку мамлекеттик кызматына дайындалышыңызга байланыштуу менин чын дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Белгилей кетсем, Грузия биздин элдерибизди тарыхый түрдө байланыштырган салттуу тыгыз жана достук мамилелерибизге өзгөчө маани берет.

Учурдан пайдаланып, грузин-кыргыз мамилелерин эки жактуу кызматташуулардын бардык багыттары боюнча мындан аркы бекемдөөгө ар тараптуу аракеттешүү үчүн даярдыгыбызга Сизди ишендирип кетким келет.

Сизге, урматтуу, Мухаммедкалый Дүйшекеевич, чын жүрөктөн бекем ден соолук жана Сиздин достош Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге ийгилик каалайм”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү