03
Апрель
2018
Гуламжан Анарбаев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү