02
Декабрь
2016
Гуламжан Анарбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү