14
Февраль
2012
2012-жылдын 14-февралында КР вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Кароосуз калган балдарды реаблитациялоо борборуна барды.
Вице-премьер-министр окуу класстарында, эс алуучу, уктоочу бөлмөлөрдө, ашканада болуп, Борбордун тарбиялануучулары менен маектешти.
Г.Асымбекова Борбордун бүтүрүүчүлөрүнүн билимин жогорулатуу үчүн Өкмөт ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн белгиледи.
“Эгерде бүтүрүүчүлөрдүн арасында окуунун мыктылары чет өлкөдөн билим алгысы келсе, анда Өкмөт бул маселени чечип берүүгө жардам берет. Бизде чет өлкөдөн акысыз билим алууга багытталган программалар бар”, – деди вице-премьер-министр.
Г.Асымбекова журналисттердин берген суроосуна жооп берип жатып, бул мекемедеги балдарга бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтты. «Эгерде кызматкерлер бүт күчүн балдардын жүзүнө күлкү тартуулоого аракет кылып жатса, бул көп нерседен кабар берет. Биз мындай мекемелерди колдоого алышыбыз керек”, – деп кошумчалады.
Иш чаранын жүрүшүндө Кароосуз калган балдардын борборун социалдык коргоо органдарына которуу боюнча вице-премьер-министр Г.Асымбекова берген протоколдук тапшырманын аткарылышы жөнүндө маалымат беришти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү