28
Январь
2012
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Гульнара Асымбекова Ош облустук мамлекеттик администрациясында 2011-жылдын жыйынтыгы жана 2012-жылга милдеттерди аныктоо боюнча коллегиялык жыйынына катышты.
Өз докладында облус губернатору С.Жээнбеков айыл-чарба, социалдык тармактар боюнча өткөн жылда жетишилген ийгиликтер жана кемчиликтер туурасында кеңири айтып берди.
Жыйын учурунда Ош облусунда 2011-жылкы өндүрүштүн көлөмү 2010-жылга салыштырмалуу 660,5 млн. сомго көп өндүрүлгөндүгү маалымданып, жалпы саны өткөн жылы 2 млрд. 766 млн. 200 миң сомду түзгөнү айтылды.
«Ош облусу боюнча мамлекеттик бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол-планы 105,0 пайызга, республикалык бюджет 103,0 пайызга жана жергиликтүү бюджет 107,0 пайызга аткарылды. “Инвестицияларды тартуу-өндүрүштү көтөрүү” жылынын алкагында облуска 4 млрд.854 млн. 700 миң сомдук инвестиция тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу 903 млн. 200 миң сомго көбүрөөк өздөштүрүлгөн”, - деп айтты губернатор.
Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 100 социалдык объекттер ремонттолгонуна карабастан, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында көйгөйлөр оорчундуу бойдон кала бергендигине катышуучулардын көңүлүн бурду.
Губернатордун сөзүнөн соң Гульнара Асымбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо” Программасы менен кеңири тааныштырып, аны иш жүзүнө ашыра турган пландарды дагы айтып өттү.
«Жаңы түзүлгөн Өкмөттүн алдында экономиканы өнүктүрүүнүн эсебинен элдин жашоо шартын жакшыртуу, республикага инвестицияларды тартуу милдеттери турат. Биздин компетенттүүлүгүзбүздөн жана майнаптуу жумушубуздун негизинде алдыга койгон иш-чараларды ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруу тапшырмалыры турат», - деп айтты Г.Асымбекова.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү