05

Май

2018

Ханзаада Карим Ага Хан IV Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Ханзаада Карим Ага Хан IV Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм. Бул дайындоо Сиздин лидердик сапатыңыздын жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн талыкпай эмгек кылууңуздун далили болуп саналат. Сизге жоопкерчиликтүү кызматта Кыргыз Республикасынын тынчтыгы жана гүлдөп-өнүгүүсү үчүн ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү