06

Июнь

2018

Хорватиянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Хорватиянын Премьер-министри Андрей Пленкович Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматына дайындалышыңызга байланыштуу Хорватия Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилден чыккан куттуктоолорду билдирем. Мен Сизге бул жооптуу кызматта максаттарды ишке ашыруудагы ийгиликтерди каалайм. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эки жактуу мамилелердин келечекте дагы туруктуу өнүгүүсүнө ишеним билдирүүгө уруксат этиңиз. Мен Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өсүп жаткан кызматташуу биздин эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүлөрүнө жаңы дем берет деп ишенем», - деп айтылат билдирүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү