29
Апрель
2015
Премьер-министрдин м.а. Ж.Оторбаев жана Швейцария Улуттук банкынын башчысы Т.Йордан банктык жана финансылык тармактагы кызматташуу маселесин талкуулады
Бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев швейцардык тарапка өлкөнү өнүктүрүүдөгү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстан демократиялык процесстерди уюштуруудагы, экономиканы өнүктүрүүдөгү, калкты социалдык жактан колдоо жаатындагы Швейцариянын тажрыйбасын өздөштүрүүдө», — деди Жоомарт Оторбаев жана эки тараптуу кызматташуунун, анын катарында Швейцария Конфедерациясынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аралык кызматташуусунун кеңейүүсүнө ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Томас Йордан белгилеп кеткендей, Швейцария жана Кыргызстандын Улуттук банкы узак мөөнөттүү терең байланыштарга ээ. «Биз мындан ары карай дагы Кыргызстан менен тыгыз кызматташууну улантууга ниеттенүүдөбүз», — деп кошумчалады ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев жана Томас Йордан банктык жана финансылык тармактагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга инвестиция тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын интеграциялык процесстерге катышуусу жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү