29

Апрель

2015

Премьер-министрдин м.а. Ж.Оторбаев: «Жаштардын амбиция жана билим деңгээлин эске алуу менен Кыргызстан маалыматтык технология жаатында секирик жасоосу зарыл»

Бүгүн, 29-апрелде, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Бешинчи маалыматтык технологиялар форумуна катышты. Форумда Ж.Оторбаев белгилегендей, акыркы жылдары интернет-пайдалануучулардын саны жогорулап бара жатат. «Кыргызстан географиялык жактан татаал жана тоолуу аймакта жайгашкандыгына карабастан, мобилдик жана фиксациялык байланыш менен камтылган. Бүгүнкү күнгө карата интернет-тейлөөдөн пайдаланган адамдардын саны 4 млн адамга жетти. Бул республиканын калкынын көп бөлүгү интернетти пайдаланаарын түшүндүрөт. Бүт өлкө боюнча интернеттин жайылуу деңгээли 96% түзөт», — деди Жоомарт Оторбаев. Ал кошумчалагандай, телекоммуникация жаатында ар-кыл кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырылууда. Тактап айтканда, Премьер-министрдин милдетин аткаруучунун айтымында, 2015-жылдын I кварталы үчүн маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар жаатындагы сатуулар көлөмү 6 млрд сомдон ашып түштү. «Учурда Кыргызстанда калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү жүрүүдө. Биз 2,5 млн жарандын биометрикалык маалыматын чогулта алдык. Мындан тышкары, республикада уюлдук байланыш рыногу динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Уюлдук байланышты активдүү пайдалануучулардын саны 7,5 млн адамдан ашты. Буга катар Wimax, 3G, LTE сыяктуу инновациялык өткөргүчсүз технологиялар активдүү ишке киргизилүүдө», — деди ал. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле санариптик телеге өтүү маселесин козгоду. «Өлкөдө санариптик форматтагы алып көрсөтүүгө өтүү боюнча чоң иштер өткөрүлүүдө. Учурда Кыргыз Республикасынын калкынын 60% жакыны санариптик берүү менен камтылган. 2015-жылдын соңуна дейре өлкөнүн калкынын 95% санариптик телеберүү менен камсыздоо пландаштырылууда», — деп белгиледи ал. Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, программалык продуктуларды ташуу мүмкүндүгүн жогорулатуу максатында Өкмөт 2011-жылы Жогорку технологиялар паркын түзгөн. «Биз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар мыйзамдуу түрдө иш алып баруусун каалайбыз. Бирок, тилекке каршы, аталган демилгелер динамикалуу түрдө өнүкпөй жатат. 4 жыл ичинде Жогорку технологиялар паркында жалпысынан 70 жакын адам иштейт. Биз Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүү үчүн чараларды кабыл алуубуз зарыл, анткени бул формат аталган тармакта иштеген интеллектуалдар жана адамдар ортосундагы баарлашууга аянтча түзүү катары иштелип чыккан», — деди ал. Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев маалыматтык технологиялар тармагын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. «Бүгүнкү күндө дүйнөдө машина куруу жана энергетиканы өнүктүрүүгө басым жасаган мамлекеттер эмес, жогорку технологияларды өнүктүрүүгө умтулган мамлекеттер алдыңкы катарга кошулат. Билим экономикасы – бул келечектеги ийгиликтүү жана ийгиликсиз өлкөлөрдү аныктоочу багыт. Ошондуктан Кыргызстан жаштардын амбициясын жана билимин эске алуу менен бул багытта секирик жасоосу абзел. Эгерде биз алга умтулууну кааласак, бул ишти тезирээк, мыкты жана сапаттуу аткаруубуз зарыл», — деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү