31

Август

2012

Бүгүн, 31-августта, КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин, КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун, Жогорку Кеңештин төрагасы асылбек Жээнбековдун катышуусу менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Орто-Сай айылына жакын жердеги тоого орнотулган жаңы флагштокко Мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болуп өттү. Иш-чара КР Эгемендүүлүк күнүнө жана Мамлекеттик туунун кабыл алынышынын 20 жылдыгына арналды. Өз сөзүндө Президент А.Атамбаев иш-чаранын демилгечиси КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановго ыраазычылык билдирди. Ө.Бабанов флагштоктун бийиктиги 72 метр, туунун аянты 350 квадраттык метр экендигин айты. “Башка өлкөлөрдө болгон учурларымда мен бир нече жолу мамлекеттик туулар көрүнүктүү жерлерге, бийик чокуларга орнотулгандыгына көңүл бурган элем. Ошондо Кыргызстандын эң көрүнүктүү жерине бийик флагшток орнотуу керек экен деп алдыма милдет койгон элем. Бул жылы Туубуздун кабыл алынгандыгына 20 жыл толду. Бүгүнкү иш-чара элибиздин рухун, мекенчилдигин, биримдигин бекемдөөгө арналат”, - деди Ө.Бабанов. Ө.Бабанов Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө ден-соолук, оптимисттик маанай жана бакубаттуулук каалады. Ал Кыргызстан сөзсүз түрдө экономикасы гүлдөгөн мамлекеттердин арасынан орун алып, мамлекеттик туусу башка алдыңкы өлкөлөрдүн тууларынын катарында желбирей бере тургандыгына бекем ишене тургандыгын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү