29

Август

2012

Бүгүн, 29-августта, КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өткөн эскерүү иш-чарасына катышты. Иш-чарага КР вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Асымбекова, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, курман болгон Апрель Элдик баатырларынын жакындары катышты.

Курман болгондорго багышталып окулган Курандан кийин Г.Асымбекова Ө.Бабановго мемориалдык комплексти көрктөндүрүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, бир жыл ичинде бардык реставрациялык иштер аягына чыкмакчы.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ө..Бабанов бул мемориалдык комплекс Кыргызстандын коноктору, расмий жана башка делегациялар келип, көрүп кете турган жайга айланышы керектигин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү