30
Август
2012
Бүгүн, 30-августта, КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун катышуусу менен КР жарандарынын паспортторун персонификациялоо борборунун жана №39 КТБ салтанатуу ачылышы болуп өттү.
КР жарандарынын паспортторун персонификациялоо борборунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Ө.Бабанов бул жөнүндө акыркы 15 жыл ичинде өтө көп сөз болгондугун айтты.
«Анткен менен бир дагы Өкмөт анын ишке ашырылышына жетише алган эмес. Ушул күнгө чейин бул иш менен жеке компания алек болуп келет. Бүгүн биз бул иштин биринчи этабын ишке ашырып жатабыз. Ал эми экинчи этабында мамлекеттик басмакана ишке киргизилип, анда паспорттордун жана башка документтердин бланкалары чыгарыла турган болот”, - деди Ө.Бабанов жана эми ID-карталарды даярдап чыгаруу мөөнөтү 5 күнгө, ал эми жалпы жарандык паспортторду даярдоо мөөнөтү 9 күнгө чейин кыскара тургандыгын кошумчалады.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Кореянын Өкмөтү Кыргызстанга 1 млн.доллар суммасында жабдууларды бергендигин белгиледи.
Андан соң Ө.Бабанов Свердлов районунда жайгашкан №39 Калкты тейлөө борборунун ачылышына катышты.
“Бүгүнкү күндө Өкмөттүн “Туруктуулук жана татыктуу жашоо” программасын ишке ашыруунун алкагында жалпы республика боюнча 35 КТБ ачылууда. Сентябрдын ортосуна чейин дагы 15 ушундай борбор ачылмакчы. Бул борборлор почта бөлүмдөрүнүн базасында ачылууда.келечекте мындай борборлорду ар бир айылда ачуу пландаштырылууда”, - деди Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү