04

Сентябрь

2012

Бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Германия Федеративдик Республикасынын делегациясын жетектеген Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин башкы директору Р.Линднер менен жолукту. Ж.Оторбаев Германиянын жетекчилигинин Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көбүрөөк көңүл бура баштаганын белгиледи. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу конокторго коррупцияга каршы жана инвестициялык абалды жакшыртууга арналган реформалар тууралуу кыскача айтып берди. Ж.Оторбаев немис бизнесмендерине Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду карап чыгып, капиталдарын долбоорлорго жумшоого чакырды. Р.Линднер  немис тараптын Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Анын айтыма боюнча, Кыргызстандын бир тараптуу 44 өнүккөн мамлекеттер үчүн визалык режимди жокко чыгаруусу инвестиция тартууда чоң жол ачкандык. “Мындай кадам өлкөнүн ачыктыгын билдирет. Бул инвесторлор үчүн абдан маанилүү”, - деди ал. Жолугушуу учурунда эки тарап ушул жылдын декабрь айында  кыргыз-немис бизнес форумун өткөрүүнүн талкуулашты.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  Маалыматтык саясат бөлүмүм