30
Апрель
2015
Вице-премьер-министрдин м.а. Дамира Ниязалиева: «Өлкөдөгү туризм индустриясы туруктуу өнүгүүсү, ал эми эс алууга келген туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүсү зарыл»
Бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева «Ысык-Көл-2015» XVII Эл аралык туристтик жарманкесинин ачылуу салтанатына катышты.
Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан «Ысык-Көл-2015» туристтик жарманкесинин катышуучуларын жана конокторун салтанаттын ачылышы менен куттуктап кетти.
“Жарманкенин негизги милдеттеринин бири туристтик операторлорду, туристтерди, ишкер чөйрө өкүлдөрүн Ысык-Көлдүн мүмкүндүгү жана келерки эс алуу мезгилинде курорттук аймакта жайгашкан пансионаттар, эс алуу борборлору кандай түрдөгү тейлөө кызматын көрсөтө алаарын маалымдоо болуп саналат. Белгилей кетчү нерсе, туризм, өзгөчө айыл жергесинде, кошумча иш орундарын түзүү жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү ролду ойнойт», — деп белгиледи ал.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, аталган жарманке туризмди өнүктүрүүгө олуттуу дем бериши керек жана жарманке катышуучулары бул ишке өз салымын кошот.
“Кыргыз Республикасына көптөгөн туристтерди жана эс алуучуларды тартуу максатында бир катар чаралар кабыл алынууда, алар өзүнүн оңдуу натыйжаларын берүүдө. Мисалга, 2012-жылы 45 ашуун өлкөгө карата визалык режим алынган, ошондой эле 20 ашуун мамлекет визаларды берүүнүн жеңилдетилген тутумуна ээ. Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө карата туризм жаатындагы мүмкүндүктү дүйнөлүк рынокко чыгарууга багытталган «Visit Kyrgyzstan» маркетингдик программасы, аймактардагы туризмди өнүктүрүүгө карата «Айыл туризм» программасы ишке ашырылууда. Белгилей кетчү нерсе, дүйнөлүк таанымал “Улуттук географиялык саякатчы” журналы Ысык-Көлдү саякаттоо үчүн мыкты орундардын катарына кошкон. Бул Кыргыз Республикасындагы туризмдин келечеги кеңдигинен кабар берет, биз аны биргеликте өнүктүрүүбүз керек. Ошондой эле биздин республиканын ЕАЭБ кирүүсүн эске алуу менен уюмга мүчө өлкөлөрдөн туристтердин агымынын жогорулашына ишенип турабыз. Буга катар белгилей кетчү нерсе, туризмди өнүктүрүү жана туристтик агымды жогорулатуунун негизги шарттарынын бири катары тейлөө сапатын жана коопсуздукту жакшыртуу болуп эсептелет. Туристтик мезгил башталганга дейре Ысык-Көл облусунда бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда тегерек стөл өткөрүлөт, анда сезонду ийгиликтүү өтүүнү камсыздоо боюнча маселелердин жыйындысы талкууланат», — деди Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева жарманке катышуучуларына иштериндеги ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайыма баарлашууга ачыктыгын жана өлкөдөгү туризм индустриясы туруктуу өнүгүүсү жана келген туристтер өздөрүн ыңгайлуу жана коопсуз сезүүсү үчүн колдон келген аракеттер жасала тургандыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү