29
Апрель
2015
Вице-премьер-министрдин м.а. Дамира Ниязалиева гемодиализ үчүн аппараттарды алууга тендердин кармалуу себебин аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жазалоо тапшырмасын берди
Бүгүн, 28-апрелде, КР вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандар менен жолугушту.
Тактап айтканда, Дамира Ниязалиева жакындары бөйрөк оорудан жабыркаган жана гемодиализ процедурасына муктаж болгон жарандар менен жолугушту.
«Ушул кезге дейре гемодиализ үчүн аппараттарды алууга тендер өткөрүлгөн эмес. Бул максатта 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими аркылуу 30 млн сом бөлүнгөн. Кармалуу себебинен ондогон оорулуулар жабыркоодо. Мындан тышкары, бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон 22 адам эл аралык келишимге ылайык Түркияда акысыз дарыланчу 100 кишинин тизмесине киргизилген. Бирок бул маселе дагы ордунан жылбай турат. Биз оорулууларды тезирээк дарыланууга жөнөтүүнү өтүнөбүз», — деди кабыл алууга келген жарандар.
Өз кезегинде Дамира Ниязалиева гемодиализ каражаттарын алууга тендер өткөрүүгө байланыштуу абал тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.
“Тендердин кечиктирилиши Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнөөсү болуп эсептелет. Биз анын себебин иликтеп чыгабыз, ал эми күнөөлүүлөр жазасын алат. Түркияга оорулууларды жөнөтүү маселесине келсек, бул маселени тездетүүгө аракеттенбиз, анткени сөз адамдардын өмүрү тууралуу жүрүүдө», — деди ал.
Мындан тышкары, жарандарды кабыл алуу учурунда Дамира Ниязалиева “Коомдук кабылдамага” кайрылган башка жарандар менен да маектешти.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева ар-бир жарандын өтүнүчүн угуп, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылгандардын маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүсү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү