28

Апрель

2015

Вице-премьер-министрдин м.а. Валерий Диль: «Тобокелдиктер эң төмөнкү чекке дейре жеткирилет»

Бүгүн, 27-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Валерий Диль «TH GROUP» түштүк-кореялык компаниянын президенти Ё Кён Кимбашында турган инвесторлор делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлор Жалал-Абад мунайды кайра иштетүүчү заводго карата кызыгуусун билдирип, заводду жабдууга жана М-590 маркасындагы отунду өндүрүп чыгуу максатында ташып келүүлөрдү уюштуруу ниетин билдиришти. Эскертсек, Казакстан жана Түркмөнстан ортосундагы келишимге ылайык Кыргыз Республикасына мунайды алымсыз жеткирүү жөнүндө келишим бар. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө көмөк берет. Ошондой эле ал маалымдагандай, Токмок шаарындагы кубаттуулугу 600 миң тонналык мунай заводу мунай өндүрүүгө даяр. “Тобокелдиктер эң төмөнкү чекке дейре жеткирилет. Кичи жана орто ГЭСтерди курууда өлкө Өкмөтү өз тарабынан электр энергиясын 6,2 центтен сатып алуу кепилдигин берет, бул учурда долбоордун кайтарымдуулук мөөнөтү 5 жылга чейинки мезгилди түзөт. Белгилей кетчү нерсе, Корея жана Кыргызстан ортосунда инвестицияларды коргоо жөнүндө келишим бар. Бул маанилүү фактор», — деп белгиледи Валерий Диль. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча делегация кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу ниетин билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү