23

Май

2018

Индиянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу куттуктоомду кабыл алыңыз. Индия жана Кыргызстан саясый жана маданий тыгыз байланыштарга ээ, алар демократиянын жалпы баалуулуктары жана жеке эркиндикке карай сый-урмат аркылуу чыңдалууда. Сиздин жетекчилигиңиз астында биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык өнүгөөрүнө жана чыңдалаарына ишеним билдирем. Мен Сиз жана сиздин Өкмөт менен менен тыгыз кызматташууга ниеттенем. Сизге чың ден соолук жана жаңы башталыштардагы ийгиликтерди каалайм. Сизге болгон сый-урматымды билдирем», - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү