17
Июнь
Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү максатында эл аралык финансы институттарынан финансылык жардам тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жардам тартуу маселеси боюнча туруктуу негизде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жигердүү жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө бюджетти колдоого Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан 291 млн АКШ долларынын ашык каражат алынды.
Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы иш-аракеттердин саясатынын негизинде максаттуу насыялоо же 2020-жылы Кыргыз Республикасын колдоо үчүн башка насыялоо аркылуу кошумча каржылоо жөнүндө маселени карайт. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы пендемиянын ден-соолукка тийгизген таасирин азайтуу боюнча өлкөнүн жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү үчүн 20 миллион долларды ыкчам долбоорлоо иретинде жумшоодо.
Дүйнөлүк банктан 12,15 миллион АКШ долларын алуу жөнүндө келишимге кол коюлган жана аны ратификациялоо тууралуу тиешелүү мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды. Учурда керектүүмедициналык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик процедуралар жүрүүдө.
Мындан тышкары COVID-19 пандемиясына байланыштуу «Кыргызстанда табигый кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорунан дары-дармектерди жана жабдууларды тез арада сатып алууга 9 миллион доллар бөлүнүүдө. Анын 8,1 млн АКШ долларына медициналык жабдуулар сатылып алынды. Натыйжада Дүйнөлүк банк ушул күнгө карата 21 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүп жатат.
Мындан тышкары Дүйнөлүк банк тарабынан калктын аярлуу катмарын, ошондой эле өлкөнүн жеке секторун колдоого багыттала турган жалпы суммасы 100,0 млн долларлык эки долбоор даярдалууда. Муну менен катар Кыргыз РеспубликасыCOVID-19дун жайылышына байланыштуу болуп жаткан кризис маалында биринчи жолу жеке секторду колдоо үчүн 50,0 млн долларын тартуу боюнча Азия банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Талкуу процессиндеги Европа биримдигинен жардам катары бөлүнө турган 30 млн АКШ долларынын суммасы Европа биримдигинин жетекчилигинин чечимине ылайык өзгөрүшү мүмкүн.
Экономикалык колдоо багыты боюнча, анын ичинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө KfW Германия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкөгө 30 млн АКШ долларын кайра багыттоого макул болду. Башка финансылык өнөктөштөр аркылуу дагы финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.
Бөлүнгөн каражаттар жана жардам, аларды бөлүштүрүү тууралуу толук маалымат тиркелген таблицаларда келтирилген. Алар мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.