06
Декабрь
Инклюзивдик билим берүү жаатындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды
Бүгүн, 6-декабрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кеңешме өткөрүлүп, анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүү жаатындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, билим берүү мекемелерине тартуу, же болбосо шартына жараша үйүнөн окутуу негизги маселелердин бири.
Кеңешмеде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын санын тактоо, окууга тартылбай көмүскөдө калып калуусуна жол бербөө маселеси боюнча акимдердин орун басарларына, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине тапшырмаларды берди.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.