04
Ноябрь
Инвестор республиканын 100 жаранын Кытайга окууга жиберүүдө
Белгилүү болгондой, 2013-жылдын сентябрь айында Бишкекте болуп өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун 13-саммитинде Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин “Шанхай духун” колдоо, Жибек Жолунун экономикалык тилкесин түзүү жана аны өнүктүрүү жана аймактык экономикалык кызматташууну активдештирүү сунушу менен чыккан. Буга байланыштуу КЭР Шэньси провинциясынын Өкмөтүнүн, КЭР Ортоазиялык энергетикалык компаниясы АКБ жана КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси боюнча, Жунда” компаниясы 10 жыл аралыгында 1 миң адамды окутуу боюнча “Жибек Жолу кадрларын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программасын” өткөрүүнү пландаштырган, мында бардык чыгымдар компания эсебинен төлөнөт.
Учурда Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жарандарынын катарынан 100 адамды тандап, Кытай Элдик республикасынын Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетине окууга жөнөтүү боюнча тийиштүү иштер өткөрүлгөн, окуу 10 айга созулат.
Аталган иш-чара Узак мөөнөттү коңшулаштык, достук жана кызматташуу жөнүндө келишимди ишке ашыруу, ошондой эле Кытай Эл республикасы жана Кыргыз Республикасынын шериктештик мамилесин өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү саналат. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында «Чайна Петроль Компани «Жунда» мунайды кайра иштетүү заводунда окууга жөнөп жаткан студенттерди узатуу салтанаты өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү