19

Январь

2015

Инвесторлор логистикалык (соода-көргөзмө) борборду түзүү долбоорун сунуштады

Бүгүн, 19-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль кытайлык «И Цзань Пу» жогорку технологиялар компаниясынын директору Уо Фенгди кабыл алды. Инвесторлор делегациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна соода-көргөзмө борборун түзүү долбоорун сунуштады. Инвесторлордун айтымында, бул борбор визасыз, же жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режимдүү эркин экономикалык аймак болот.Тактап айтканда, аталган логистикалык борбордо бизнесмендер Кытайдан келген товарларды көрүп, сатып алуу, буйрутма берүү тууралуу келишимге кол коё алат, аларды 3-4 күн ичинде колго ала алат. Продукциянын бөлүгү жеринде өндүрүлөт. Аталган логистикалык борборго 20 га ашуун аянт зарыл. «Кыргызстандын бизнесмендери аталган технопарктын кызматынан колдонууда убактысын жана каражатын үнөмдөй алат, алар керектүү товар издөөсү үчүн Кытайдын шаарларын аралап отуруунун кажети жок. Бул борбордун кызматынан Кыргызстандын гана эмес, КМШ жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин бизнесмендери да пайдалана алат. Долбоордо жалпысынан төрт борборду түзүү болжолдонууда – бул – товарларды алмаштыруу, төлөө борбору, продукциялар кампасы жана технопарк”, — деди компания директору Уо Фенг. “Бул абдан жакшы долбоор, Сиздерди долбоор концепциясын бардык эсеби менен сунуштооңуздарды өтүнөм», — деди Валерий Диль. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, вице-премьер-министр Валерий Диль Өкмөт аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө аталган долбоорду инвесторлор менен бирдикте тыкыр иштеп чыгуу тапшырмасын берди.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү