06

Декабрь

2020

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2020-жылдын 7-9-декабрында Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат. 

Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт. 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу шондой эле жумушчу сапардын алкагында  ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.