02

Апрель

2015

Каракол шаарынын ипподрому КР Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамагенттигинин балансына өткөрүлүп берилет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Каракол шаарынын ипподромун баланстан баланска өткөрүү жөнүндө” буйругуна кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобунун демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамагенттиги тарабынан республикада ат спортун мындан ары карай жайылтуу жана Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан ипподромдун пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. 2008-жылы Каракол шаардык ипподрому 1005,2 миң сомго бааланып, сатылган, бирок соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында объект КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген. Объектинин жалпы аянты 44,76 гектарды түзөт. Объектинин КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилиши спортчулардын улуттук ат спорту боюнча даярдык сапатын жакшыртууга, аймакта ат спортун өнүктүрүүгө, ат спорту боюнча иш-чаралардын өткөрүлүш сапатын жогорулатууга жана калкты сергек жашоо образына үндөө жаатындагы иштердин жигердүү жүргүзүлүшүнө шарт түзөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү