30
Апрель
Ирандын Биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында төмөндөгүлөр айтылат:
«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары ишимердүүлүгүңүз учурунда жана сиздин көмөктөшүүңүз аркылуу жалпы кызыкчылыктарга жана өз-ара түшүнүшүүгө негизделген эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан ары карай өнүгүүсүнө күбө болобуз деп ишенем».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү