04

Март

2019

Ишкерликти тейлөө борборун түзүү жана ишин уюштуруу Концепциясы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» өнүктүрүү Программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында Ишкерликти тейлөө борборун (ИТБ) түзүү жүзөгө ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 Токтомуна ылайык, 2019-2022-жылдарга карата Ишкерликти тейлөө борборун түзүү жана ишин уюштуруу Концепциясы бекитилди.

Бул документ «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын 3.4.-бөлүмүнө шайкеш келтирип аныкталган максаттарга ылайык иштелип чыкты, ал ишкердикти колдоо боюнча бирдиктүү аянтчаларды жана таасирдүү механизмдерди түзүүнү караштырат.

ИТБны түзүүнүн негизги милдеттери:

-  ишкер менен мамлекеттин ортосунда түз байланыштарды жокко чыгаруу;

-  ишкердик ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ачык системасын түзүү;

-  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия- уруксат берүү документтерин алууда ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу;

-  ишин жаңы баштаган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;

-  чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин техникалык көндүмдөрүн жана компетенцияларын жакшыртуу;

-  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия-уруксат берүү документтерин алууда коррупцияны төмөндөтүү.

ИТБ билим берүү, маалыматтык, финансылык жана консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле уруксат-лицензияларын берүү мамлекеттик кызматтары боюнча ишмердигин жүргүзөт.

Белгилей кетсек, бул демилге Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жана ЕККУ Программалык кеңсесинин өнүктүрүү боюнча өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жатат.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү