20

Ноябрь

2020

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

img

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнүн номенклатурасын кеңейтүү маселелери талкууланды. 

2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун  өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода-экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык иш-чаралар планына (Жол картасына) кол коюу пландаштырылууда.

Соңунда тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн диалогду улантууга жана мамилелердин бардык комплексин мындан ары да активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.