27
Август
2012
2012-жылдын 25-августунда талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Апрель революциясынын Баатырлары аллеясынын ачылышы аземине катышты.
Апрель революциясы учурунда курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин автоматтардан залп берлид.и
Өз сөзүндө Ө.Бабанов Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк башкаруудан кутулуп, өз тагдырын өзү тандап алгандыгын белгиледи.
«Апрель революциясынын учурунда каза болгон 87 Баатырыбыз улуу Манастын тукуму экендиктерин далилдеп кетишти. Алар элибиздин эсинде чыныгы баатырлар, мекенчил жарандар катары түбөлүккө сакталат”, - деди Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү