29

Октябрь

2014

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрынан 27-октябрына дейре мезгил аралыгындагы “Министр байланышта” акциясынын жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында ар-бир ведомство жетекчисинин коом алдындагы милдеттенмесин кеңири талкуулоону жогорулатуу максатында тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери 22-сентябрдан тарта “Министр байланышта” акциясынын экинчи баскычына катыша баштады.

Министрлер жана жетекчилер ЖМК ар-кыл каналдары аркылуу 2014-жылга карата Иш-аракет пландары, жана 9 айдагы аткарылган иши тууралуу түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүшкөн.

Мурдараак маалымдалгандай, “Министр байланышта” акциясынын экинчи баскычын Кыргыз республикасынын Коргоо министрлиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ачкан. Андан соң эстафетаны КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик агенттиктер жана кызматтар кабыл алышкан.

Алсак, Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттиги акцияга - 2-октябрда, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамагенттик — 6-октябрда, Мамлекеттик салык кызматы — 13 октябрда, Архитектура жана курулушу мамагенттиги – 16-октябрда, Мамлекеттик жазаларды аткаруу боюнча мамкызмат – 20-октябрда, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамкызматы – 21-октябрда, Мамлекеттик бажы кызматы – 23-октябрда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 27-октябрда катышты.

“Министр байланышта” акциясы боюнча министрлик жана ведомстволор жетекчилеринин чыгуу графигине ылайык, министерство жана ведомство жетекчилери телеберүүлөрдө жана радиодогу түз обого катышып, ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйындарын жана интервьюларды берди. Ошондой эле жарандык сектор жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стөлдөр өтүп, жетекчиликтин орун басарлары аймактарды кыдырып чыкты.

Аталган акция 2014-жылдын 25-декабрына дейре улантылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандык коомчулук жана ЖМК өкүлдөрүн уюштурулуп жаткан баарлашууга жигердүү катышуусун өтүнөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү