26

Сентябрь

2014

Маданият министрлигинин катышуусунда өткөн “Министр байланышта” өкмөттүк акциясынын жыйынтыгы

Бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык өкмөт” саясатынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Министр байланышта” акциясына катышты.

Министрдин орун басары, туризм департаментинин орун басары Максат Чакиев Биринчи радионун түз обосуна чыгып, радиоугармандардын суроолоруна жооп берди.

Министрдин орун басары белгилегендей, туризм обьектилерине карата жөнгө салуучу рычагдарды киргизүү керек. Буга байланыштуу пансионат, кафе жана эс алуу үйлөрүнө карата талаптарды төмөндөтүү сунушталууда. Ошондой эле ал белгилегендей, туристтик обьектилерге тийиштүү аймактарды тазалоо чаралары тийиштүү органдар менен биргеликте кабыл алынууда.

Андан соң аталган акция алкагында «Кабар» маалымат агенттигинде “Маданият, искусство, маалымат жана туризм” темасына арналган басма сөз жыйыны болуп өттү.

Ошол эле күнү министрликтин өкүлдөрү “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” жана “Вечерний Бишкек” гезиттерине интервью беришти.

Ал эми министрдин биринчи орун басары Акимбек Текешов Баткен облусунда өтүүчү КР ЖК билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынына катышты. Мындан тышкары, бул күнү министрлик өкүлү, маданий-тарыхый мурас боюнча эксперт Тамара Обозова Кара–Кулжа райондук китепканасынын иши менен жакындан таанышып чыккан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү