23
Сентябрь
Министр Абибилла Кудайбердиевдин катышуусундагы “Министр байланышта” өкмөттүк акциясынын жыйынтыгы
2014-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Министр байланышта” өкмөттүк акциясынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча министрликтин алдыга койгон Иш-аракеттер планынын аткарылышы тууралуу маалымдады.
Алгач министр Биринчи радионун программасына катышып, Коргоо министрлиги тарабынан аткарылган иштер тууралуу баяндап, радио угуучулардын суроосуна жооп берди.
Түз ободо угуучулар тарабынан өлкөнүн аскердик коопсуздугуна, аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо, аскер кадрларын даярдоо, эл аралык аскерий кызматташуу, курал-жабдык жана аскер техникасы менен камсыздоо жаатындагы 20 ашуун суроо берилди.
Андан соң Абибилла Кудайбердиев «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу» жана «Азия-ньюс» гезиттерине интервью берди.
Мындан тышкары, министр Кыргыз аскер лицейине жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтуна барып, тарбиялануучулар менен баарлашуу өткөрдү.
Ошол эле күнү кечинде министрлик жетекчиси ЭлТР каналындагы саат 21.15 өтүүчү «Чың дѳбѳ» телеберүүсүнө катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү