03

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттик директорунун “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы

Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттик жетекчилиги “Министр байланышта” акциясына катышты.

Саат 9:00 Мамагенттик директору Болсунбек Казаков “Биринчи радионун” “Күндүн темасы” программасынын түз обосуна катышып, угармандардын суроолоруна жооп берген. Анда көмүргө, жылуулукка жана азык-түлүккө карата баалардын жогорулашы тууралуу суроолор берилип, анын катарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу маселе да козголду.

Андан соң Болсунбек Казаков “Кабар” маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, көмүргө жана КММ карата баалардын негизсиз жогорулатылбашы боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал угуучуларга үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын соңунда КММ болгон баа төмөндөй тургандыгы күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Саат 12:00 Болсунбек Казаков “Вечерний Бишкек” гезитине күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча интервью берди.

Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигинин имаратында “Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү мезгилинде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикмелер менен маморгандардын өз-ара аракеттешүүсү” темасында тегерек стөл өттү.

Ошол эле күнү Болсунбек Казаков Tazabek.kg маалымат агенттигиндеги онлайн жыйынга катышып, жарандардын суроосуна жооп берди.

Ошондой эле “Министр байланышта” акциясынын алкагында ведомство жетекчиси Capital.kg экономикалык порталына интервью берип, ЭЛТР телеканалындагы “Күн деми” программасына катышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү