17
Октябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттик жетекчилигинин “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы
Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги “Министр байланышта” акциясына катышты.
Саат 9.00дө “Биринчи радионун” түз обосунда КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов радио угуучулардын суроолоруна жооп кайтарды.
Саат 11.00дө «Кабар» маалымат агенттигинде КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйыны өттү. Ошондой эле Турдубек Мамбетов “Эркин Тоо” жана “Фабула” гезиттерине интервью берди.
Андан соң Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин директору «Tazabek.kg» маалымат агенттигинде онлайн-басма сөз жыйынына катышты.
Аталган акция алкагында агенттик директорунун орун басарлары Ош шаарындагы шаар курулуш жана архитектуралык ишмердүүлүк боюнча укук бузуулар жана өз алдынча курулган обьектилер боюнча көчмө комиссия өткөрүштү.
Ош шаарында окуу борборунун ачылышына байланыштуу суу менен камсыздоо кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү.
“Министр байланышта” акциясынын алкагында жарандык тармак өкүлдөрүнүн катышуусунда “Бирдиктүү терезенин” иштеши жана жалпы калктуу пункттардын башкы планы” темасындагы тегерек стөлү өтүп, КР бюджетинин жана Түрк Республикасынын кредитинин эсебинен каржыланып жаткан Жалал-Абаддагы курулуш обьектилерине пресс-тур өткөрүлдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү