12
Ноябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинин директору Д.Зилалиевдин “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы
Шейшембиде, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев “Министр байланышта” акциясына катышты. Агенттик жетекчиси «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, радио угармандардын суроолоруна жооп берди. Негизинен суроолор тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуу, жер казнасын пайдаланууну лицензиялоо, лицензияларды берүүнүн ачык-айкындуулугу, Кыргыз Республикасынын “Жер казнасы жөнүндө” мыйзамына байланыштуу, ошондой эле кендерге карата боло турган сынактар жана аукциондор тууралуу берилди.
Андан соң «Кабар» маалымат агенттигинде Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны өттү. Ошондой эле «Азаттык» радиосуна “Жерүй” кенине карата сынак” темасынын тегерегинде интервью берди.
Ошол эле күнү «Вечерний Бишкек» басма сөз үйүндө “Жерүй. Реалдуу мүмкүндүктөр жана тобокелдиктер” темасы боюнча тегерек стөл өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү жана көзкарандысыз эксперттер катышты. Катышуучулар Жерүй кенине карата сынактын шарттары, ак ниет инвесторлорду тартуу максатында келерки сынакты тийиштүү деңгээлде өткөрүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана тобокелчиликтер боюнча пикирлери менен бөлүштү.
Аталган акция алкагында «Тазабек» маалымат агенттигинде Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик директорунун катышуусунда онлайн-басма сөз жыйыны өттү. Агенттиктин окурмандары тарабынан 20 ашуун суроо берилип, алардын ар-бирине толук жооп алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү