10

Ноябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекция директору Самир Осмоналиевдин “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы

Бүгүн, 10-ноябрда, КР Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Самир Осмоналиев “Министр байланышта” акциясына катышты.

Эртең менен Самир Осмоналиев КТРК «Замана» студиясынын берүүсүнө катышып, андан соң «Биринчи радионун” түз обосуна катышып, угармандардын суроолорун жооп кайтарды.

Мындан соң «Кабар» Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде Самир Осмоналиевдин катышуусундагы басма сөз жыйыны болуп өттү.

Ошол эле күнү “Эркин Тоо» гезитинин редакциясында окурмандар менен түз байланыш уюштурулуп, анын жүрүшүндө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекция өкүлү алардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң маминспекция жетекчилиги «Тазабек» агенттигинде он-лайн басма сөз жыйынына катышты.

Ал эми кечкурун саат 21.00 Самир Осмоналиев «ЭлТР» телеканалынын түз обосуна чыгат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү