05
Декабрь
КР Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султановдун “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султанов “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Министр байланышта» акциясына катышты.
Эртең менен Талант Султанов “Биринчи радионун» түз обосунда чыгып, радиоугармандардын суроолоруна жооп берди.
Андан соң «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде басма сөз жыйыны өтүп, анда Талант Султанов 2014-жыл үчүн институттун иш-аракети тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Талант Султанов «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу» гезиттерине, ошондой эле “Tazabek», «K-News» жана айрым телеканалдарга интервью берет.
Кечинде Талант Султанов «Азаттык» радиосунун коногу болот.
Ошондой эле аталган акциянын алкагында, эртең, 5-декабрда, саат 21.30да Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султанов НТС каналындагы «Tag of war» берүүсүнө катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү