17

Февраль

2015

КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаевдин “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышты. Аталган акциянын алкагында Канатбек Исаев ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Чүй облусунун жетекчисинин бүгүнкү иш күнү «Биринчи радионун» “Күндүн темасы” программасы аркылуу калк менен түз байланышка чыгуусу менен башталды. Бир саат ичинде Канатбек Исаев республика аймагынан жана Бишкек шаарынын тургундарынан түшкөн 20 жакын суроого жооп берүүгө үлгүрдү. Радио угармандарды негизинен «Таза суу» долбоорунун алкагындагы ичүүчү суу көйгөйүн чечүү маселеси түйшөлтүп, ошондой эле сугат суу жана энергетика менен камсыздоо боюнча абал жөнүндө суроолор берилди. Мындан тышкары, Канатбек Исаев облустагы ички миграция жана инвестициялык абал боюнча айтып берди. Радио угуучуларга жооп берүүдө Канатбек Исаев Чүй облусунун 2014-жыл жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнө жана 2015-жылга карата пландары тууралуу кеңири баяндады. “Чүй облусунун негизги көрсөткүчтөрү боюнча 2014-жылы өткөн жылга салыштырмалуу оңдуу көрсөткүчтөр байкалып, бирок, тилекке каршы, түшүм жыйноо боюнча план 95 % аткарылган, бул кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгына байланыштуу орун алган. Облус үчүн келечектүү багыттардын катарында өндүрүштү жана инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле айыл-чарба тармагындагы шарттарды түзүү үчүн инвесторлорду тартуу болуп саналат. 2014-жылы Чүй облусунда 10 ашуун ишканалар ачылып, ал жакка 400 миллион долларга жакын инвестиция тартылган. Ачылган ишканалар эсебинен 2 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттин жана башка гранттык каражаттардын эсебинен облус боюнча 40 ашуун социалдык объектилер ачылган, алардын катарында бала-бакчалар, мектептер жана спорттук комплекстер бар, бул максатта 100 миллиондон ашуун сом жумшалган”- деп белгиледи Канатбек Исаев.   Мындан тышкары К.Исаев “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводунун тегерегинде түзүлгөн абалга токтолду. Ал белгилегендей, бул долбоордун Кыргызстан экономикасы үчүн мааниси чоң, заводдун ар жылкы мамлекетке болгон төлөмдөрү 5-6 миллиардга жакын сомду түзөт. «Биринчи радиодогу» түз обо жыйынтыкталган соң, Чүй облусунун башчысы «Кабар» маалыматтык агенттигинде кеңейтилген басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө Канатбек Исаев 12 ЖМК өкүлүнүн, анын ичинде 5 телерадиокомпаниянын 15 ашуун суроолоруна жооп кайтарды. Ошондой эле Канатбек Исаев журналисттерге 2015-жылга карата негизги план жана милдеттенмелер тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, ал облустун экономикалык көрсөткүчтөрүнө, калктын социалдык абалына, үстүбүздөгү жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү, салыктарды чогултуу жана инвестициялык долбоорлорго байланышкан суроолорго өзгөчө басым жасады. Ушул эле күнү КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев Турмуш» маалымат агенттигине маек куруп берүүсү пландаштырылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү