04
Февраль
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы
Бүгүн, 3-февралда, жүргүзүлүп жаткан “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев “Министр байланышта” акциясына катышты.
Жарыяланган акция алкагында Эмилбек Каптагаев ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Ысык-Көл облус жетекчиси алгач “Биринчи радионун» түз обосундагы «Күндүн темасы» программасына катышты. Бир сааттык убакыт ичинде Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынан жана аймактардан чалган радио угармандардын 14 суроосуна жооп берди.
Негизинен угармандар аймактагы туризмди өнүктүрүү, «Таза суу» долбоорунун алкагында ичүүчү суу маселесин чечүү, Ысык-Көл облусунун экологиялык абалына байланыштуу суроолор менен кайрылышты.
Радиоугармандардын суроолоруна жооп берүүдө Эмилбек Каптагаев 2014-жыл жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнө жана 2015-жылга карата алдыга коюлуп жаткан пландар тууралуу кеңири токтолду.
Ошондой эле ал Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун эсебинен облуста аткарылган иштер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата фонд толугу менен коррупциялык схемалардан тазаланган. Эки жыл ичинде укук бузуулар фактысы боюнча мурдагы 35 жетекчи жана кызматкерлерге карата 6 кылмыш иши козголгон. Андан соң фонд тууралуу жобо жана каражаттарды бөлүштүрүү схемасы толугу менен өзгөртүлгөн.
«Фонд иштеп баштагандан тарта 44 объектинин курулушу жыйынтыкталган. Анын көп бөлүгү акыркы 2 жылда аткарылган. 2014-жылы гана Фонддун эсебинен 8 мектеп, 4 спорт зал, балдар бакчасы салынган. Быйылкы жылы биз 5 мектепти пайдаланууга берүүнү пландаштыруудабыз. Фонд каражатын бөлүштүрүү боюнча көптөгөн көйгөйлөр чечилген. Учурда алар облустун бардык райондоруна тегиз бөлүштүрүлөт», — деп маалымдады радиоугуучуларга Эмилбек Каптагаев.
«Биринчи радиодогу» түз обо жыйынтыкталган соң Ысык-Көл облусунун башчысы «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрдү.
Басма сөз жыйындын жүрүшүндө ал 14 ЖМК журналисттеринин 15 ашуун суроосуна жооп берди.
Тактап айтканда, ал Ысык-Көл облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүнө, калктын социалдык абалына, 2014-2015-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү, салыктарды чогултуу планынын аткарылышы жана облустагы туризмди өнүктүрүү боюнча инвестициялык долборлорго кеңири токтолду.
«Көлдөгү пляждык мезгил болгону 2-3 айга созулат, ал эми тоо лыжасы төрт айдан кем эмес мезгилге созулат. Ошондуктан Ысык-Көл облусу өкмөттүн тоо кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбооруна киргизилген. Учурда жаңы тоо лыжа базаларынын долбоорлору даяр. Өкмөт аларды жактырып, куруу үчүн инвесторлорду табаарына ишенем», — деп маалымдады Э.Каптагаев.
Ошондой эле ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө Балыкчы-Корумду автожолунун куруу пландары, Раппопорт аллеясындагы бактардын кыйылуу себеби жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун өткөрүлүшү тууралуу айтып берди.
Басма сөз жыйынынан соң Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун 2014-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жана 2015-жылга карата пландар талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тарабынан облус жетекчисине жаңы тарифтик саясатка тийиштүү калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Андан соң Ысык-Көл облусунун башчысы ЭлТР коомдук телеканалынын «Күн маек» программасынын коногу болуп, маалымат агенттигине маек курду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү