28
Ноябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонд төрайымынын “Министр байланышта” акциясына катышуусу
Бүгүн, 27-ноябрда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонд төрайымы Гүлмира Шакирова “Министр байланышта” акциясына катышты.
Эртең менен Фонд жетекчиси “Биринчи радионун” түз обосуна чыгып, радиогуучулардын суроосуна жооп берди.
Андан соң «Кабар» Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйыны болуп өттү.
Ошондой эле Гүлмира Шакирова «Эркин-Тоо», «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттерине интервью берди.
Ошол эле күнү аталган акция алкагында Фонддун аймактык башкармалык жетекчилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган пенсионерлери жана кызматкерлери, ошондой эле аймактык ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү