14
Октябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызмат төрагасынын “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы
Бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында “Министр байланышта” акциясына катышты.
Саат 9:00 дө, мурдатан пландаштырылгандай, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов «Замана» студиясынын таңкы берүүсүнө катышып, андан соң “Биринчи радионун” түз обосунда радио угуучулардын суроолоруна жооп берди.
Саат 11.00 аталган кызмат жетекчилиги «Кабар» маалымат агенттигинде үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Замирбек Осмонов «Слово Кыргызстана», «Российская газета» гезиттерине жана «Азаттык», «МаралFm» радиостанцияларына интервью берди. Ал эми ведомствонун статс-катчысы Карагул уулу Жакып «ММКызмат» гезитинин журналисттерине интервью берип, өлкөнүн алдыңкы ЖОЖ окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, МСК ишмердүүлүгү туурасында айтып берди. Жолугушууга 80 ашуун ЖОЖ өкүлдөрү катышты.
Ошол эле күнү Замирбек Осмоновдун Кыргызстан Жаш ишкерлер ассоциация мүчөлөрү менен жолугушуусу орун алды.
“Министр байланышта” акциясынын негизги иш-чарасы катары жалпы ведомствого караштуу жана аймактык салык органдарында жергиликтүү ЖМК жана салык төлөөчүлөрдүн катышуусу менен салык маселеси боюнча семинар-кеңешмелер өткөрүлдү.
Мындан тышкары, бүгүн, 13-октябрда, ведомствонун түзүмдүк подразделениелеринде салык төлөөчүлөр менен жолугушуу орун алды. Салыкчылар жеринде учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, салык органдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү тейлөөлөр менен тааныштырып, салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип, ошондой эле МСК сайты аркылуу электрондук декларациялоо тутуму менен тааныштырышты.
Ошондой эле МСК төрага орун басарлары бир катар ЖМК интервью берип, ишкерлер жана салык төлөөчүлөр менен жолугушту.
Ушул эле күнү, саат 21.00 аталган акция алкагында МСК төрагасы Замирбек Осмонов ЭлТРдин түз обосуна катышып, телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берет, ал эми анын орун басары Октябрь Абдыкаимов саат 19.30 салык маселелери боюнча НБТ түз обосуна катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү